Ош шаарында көкбөрү боюнча оюндун аягы чыр менен коштолду

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 31-августта, кечке жуук Эгемендиктин 32 жылдыгынын урматына Президенттин кубогу үчүн көкбөрү боюнча мелдештин акыры чыр-чатакка айланды.

Бул боюнча социалдык тармактарда видео тасмалар тарады.

Ош шаарынын Төлөйкөн ат майданында өткөн оюнда “Достук” (Ош) жана “Ынтымак” (Талас) командалары ойноп, акырында “Ынтымак” командасы жеңүүчү деп табылган. Бирок судья оюнга калыстык кылбай койду дешип, күйөрмандар  аны сабап салганы айтылууда.

Социалдык тармактарда тараган видео тасмаларда нааразы болгон көрүүчүлөр ат майданына чуркап чыгып, дуулдап жүгүрүп, жапырт баш-аламандык орун алганы көрүнөт. Кимдир-бирөөнү сабап койгону айтылды. Тартип сакчылары тартип бузуучуларды кармап жатканы да тасмада көоүнөт.

Быйыл 31-августта Кыргызстандын Эгемендигинин 32 жылдык мааракеси Ош шаарында белгиленди. Түштөн кийин Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалы өттү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты