Ош-Гүлчө-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды
- 2 года мурун
Бүгүн, 14-июль күнү саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолгон сел №21 жол тейлөө мекемесине таандык Ош – Гүлчө – Эркечтам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки авто унаа жолдоруна кум-шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Жерине автожүктөгүч техникасы тартылып, 9-чакырымынан ылдый карай тазалоо иштери жүрүп жатат
Андан сырткары турак-жайлардын короо-сарайларына жана жертөлөлөрүнө сел суулары кирген.
Учурда Кара-Суу району боюнча ӨКБнүн өздүк курамына жана Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланды.
Бүгүн, 14-июлда, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.
Сүрөт: ӨКМ




