«Ош-City» долбоору: IT-шаарчанын курулушуна мезгил кутусу салынды
- 3 месяца мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салуу аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Президент IT шаарчасы — жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болорун белгиледи. Долбоордо заманбап жана ыңгайлуу инфратүзүмдөр — турак-жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилер курулат.
Долбоордун алкагында жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак-жай комплекси куруларын кошумчалады. Алардын бир бөлүгү жарандарыбыз ипотекалык программа менен сатып алуусу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Турак-жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат.
Сүрөт: president.kg