Ош-Бишкек жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
- 2 года мурун
Эртең, 16-декабрга чейин, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




