Ош бажысында коррупциялык схема аныкталды

  • 2 месяца мурун

 Мурда, 2024-жылдын 5-июлунда финансы министрлигине караштуу «Ош» мамлекеттик бажы кызматынын, «Бими Ош Сервис» бажылык тариздөө жеринин Ж.Т.Ж. аттуу бажы кызматкери, “Тойота Прадо” маркасындагы унааны кызмат абалынан кыянат пайдаланып, аталган автотранспорт каражатынын ээсинин пайдасына бажылык текшерүүнүн актысын түзүп берген.

Төмөндөтүлгөн нарк боюнча бажы төлөмдөрүн эсептөөгө негиз болгон башка бажы документтеринин негизинде мамлекет үчүн финансылык жоготууларга жана бажы ченемдерин бузууга алып келген.

Анын негизинде мамлекеттин бюджетине бажы төлөмдөрү түрүндө 438 114,13 сом акча каражаты төлөнүп, зарыл болгон 1 497 576,69 сомдун ордуна, мамлекетке 1 059 462,13 сом зыян келтирилген.

2025-жылдын 21-январында Ж.Т.Ж. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары сот тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты