Ош аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип, гауптвахтага киргизилди

21-августта пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы менен бирге Ош аскер комиссариатынын кызматкери Ш.А.П. айфон уюлдук телефонун пара катары алып жатканда кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аскер комиссариатынын кызматкери альтернативдик аскер кызматын өтөө боюнча оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн уюлдук телефонду пара катары талап кылган.

Аскер комиссариатынын кызматкери Ш.А.П.га кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 4-пунктунун (кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык жасоо) негизинде  айып тагылды. Андан соң Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. 

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты