Ош аэропортунда учактарга киргизилген чектөө алынды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 6-январда саат 13:45те «Ош» эл аралык аэропортунда учактарды кабыл алууга жана жөнөтүүгө киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 6-январда Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу саат 07:50дөн тартып, «Ош» эл аралык аэропортунда учактардын учууларына жана конууларына убактылуу чектөө киргизилген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты