Орусиянын Усть-Луга айылындагы кафеден чыккан өрттөн беш кыргызстандык жабыркады
- 2 года мурун
Россиянын Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден 16-февралда өрт чыгып, анын кесепетинен Кыргызстандын 5 жараны ар кандай даражадагы күйүк алышкан.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, 17-февралда кыргызстандык эки жаран Ленинград облустук ооруканасына текшерүүгө жиберилген. Үчөө Гатчинск ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого чыгарылган.
Бул факты боюнча Орусиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду. Маселе башкы консулдуктун көзөмөлүнө алынды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




