Орусиянын Тергөө комитети Путинди миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырууга чакырды
- 3 года мурун
Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин президент Владимир Путинди миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырууга чакырды. Бул тууралуу «База» Telegram-каналы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бастрыкин Орусиядагы мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу президентке былтыр декабрдын аягында кат жазган. Анда Тергөө комитетинин башчысы эмгек мигранттарына даттанып, Путинди аларга карата мыйзамдарды катаалдаштырууга чакырып, болбосо «чет өлкөлүк жарандардын локалдык жаңжалдары көчөлөрдөгү жапырт башаламандыктарга айланып кетиши мүмкүн экенин» эскерткен.
Бастрыкиндин айтымында, 2021-жылдын 11 айында чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагында 33,5 миң кылмыш жасаган. Катта алардын ичинен Ленинград облусунда алты өзбекстандык «эки полиция кызматкерин катуу сабап салган» окуя өзгөчө белгиленген.
Бастрыкин президентке жолдогон катында орус коомчулугундагы маанай тууралуу айтып, орусиялыктар мигранттардын тейлөө кызматтарын «монополдоштурушуна» карата » тынчсызданып жатканын» жазган.
Каттын соңунда Тергөө комитетинин башчысы миграциялык мыйзамдарга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган:
- иш берүүчүлөрдү мигранттарды турак-жай менен камсыздап, алардын жол акысын төлөтүүгө милдеттендирүү
- мигранттар үчүн геномдук каттоону киргизүү
- ири шаарларда «калктын этно-маданий балансын сактоо» боюнча чараларды көрүү
- социалдык чыңалууну төмөндөтүү үчүн мигрант жумушчуларды Орусиянын жарандарына алмаштыруу.
Александр Бастрыкин 2021-жылы ноябрда да «жакынкы чет өлкөлөрдөн» келген эмгек мигранттарды геномдук каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштаган.