Орусиянын Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды

Ржев шаарында 7-майда, Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. 

Президент Садыр Жапаров жана Орусиянын Мамлекеттик Думасынын федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргызстанда туулуп,  Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган.

Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Мемориалдын курулушуна кеткен чыгым Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган. 

Мамлекет башчы ушул жерде 1945-жылдын майындагы жалпы Жеңиштин өзөгү калыптанып, ширетилген эң ири жана кандуу салгылашуулар орун алганын белгиледи.

 “9-май Кыргызстанда ар дайым болгон, бар жана боло берет, анткени Эстөө – баарыбыз үчүн бир жана ыйык. Анын кандайдыр бир чеги же улуту болбойт, ошондой эле кандайдыр бир факторлорго көз каранды болбошу керек” деди.

Садыр Жапаров жалпы Жеңишке мекендештердин кошкон салымын белгилеп, айрым цифраларды, фактыларды келтирди. Алсак, согушка 400 миңге жакын кыргызстандык, же ар бир төртүнчү бойго жеткен мекедешибиз чакырылган. 130 миңден ашык адам согуш талаасынан кайтпай калган. Көрсөткөн эрдиктери жана каармандыктары үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык аскердик ордендер менен сыйланган, анын ичинен Советтер Союзунун 74 Баатыры, 21 жоокер үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.

Расмий сапардын алкагында мамлекет башчы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Мамлекет башчы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты