Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди

  • 7 месяцев мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты