Орусиянын коргоо министрлиги менен келишим түзгөн кыргызстандык Украинада каза болгону кабарланды  

  • 6 месяцев мурун

Орусиянын коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка кеткен кыргызстандык Мирлан Атабаев Украинада каза болгону кабарланды. Анын сөөгү 2-ноябрда Бишкекке коюлган.    

Бул тууралуу Орусиянын Сургут шаарынын администрациясы Телеграм-каналында билдирди.

Андагы маалымат боюнча Мирлан Атабаев Бишкек шаарында туулган. Кыргыз техникалык университетти аяктаган. Үйлөнүп, кыздуу болгондн кийин үй-бүлөсү менен Сургут шаарына көчүп келген. Ал электрмонтаждоочу болуп иштечү.  

2023-жылдын жай айында Россия Федерациясынын коргоо министрлиги менен контракт түзүп, аткыч катары атайын аскердик операция өтүп жаткан жерге аттанган.  

 2023-жылдын октябрь айында Мирлан Атабаев курман болгон. Анын сөөгү 2-ноябрда Бишкекке коюлган.  

Маалыматта Атабаевдин орус жарандыгын алган-албаганы айтылган эмес.

Орусиянын коргоо министрлиги менен келишим түзгөн кыргызстандык Украинада каза болгону кабарланды  

Каза тапты деген кыргызстандык жоокердин сүрөтү. Сургут шаарынын Телегрмам-каналынан.

Баш сүрөт: Украина башкы штабы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты