Орусиянын Ижевск шаарында мектепке кол салуудан бир нече киши каза тапты

  • 2 года мурун

Орусиянын Ижевск шаарындагы №88 орто мектепте ок атылды. Удмуртия республикасынын башчысы Александр Бречалов окуу жайдын кароолчусу жана бир нече окуучу каза тапканын кабарлады. Ок чыгарган киши окуядан кийин өзүн-өзү өлтүргөн.

Орусия Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы ок атуудан алты адам каза таап, 20сы жабыркаганын билдирди.

Шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы жана анын ким экени аныктала элек. Азырынча ал «кара кийим кийип жүргөнү» гана белгилүү. «Baza» телеграм-каналы кол салуучу Макаров үлгүсүндөгү эки тапанчадан ок чыгарганын жазды. Ал нацистик символика тартылган футболка кийип келгени айтылууда. «112» телеканалы 10 киши каза тапканын, арасында беш бала бар экенин кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты