Орусиянын эстрада ырчысы, бийчи Борис Моисеев көз жумду
- 2 года мурун
27-сентябрда Орусиянын эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы, бийчи, хореограф Борис Моисеев 68 жашында көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары маалымдады.
Борис Моисеев 1954-жылы 4-мартта Белоруссиянын Могилев шаарында туулган. Бала чагында ал бий ийримине катышып, кийин хореографиялык окуу жайын аяктаган.
Бир катар жылдары бир катар бий топторун түзгөн жана жекече ырдай баштаган. 1995-жылы жеке шоу театрын түзгөн.
2010-жылдын декабрь айында артист инсульт алып, чыгармачылыкка 2011-жылдын жай айында кайтып келген. Борис Моисеевге Орусиянын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.
Муну бөлүшүү