Орусиянын бийлиги эмгек мигранттарын көзөмөлдөө үчүн атайын реестр түзүүнү пландоодо
- 3 недели мурун
Орусиянын бийлиги 2025-жылдан тарта миграциялык мыйзамдарды бузган же уруксат кагаздары жок эмгек мигранттарын көзөмөлдөө үчүн атайын көзөмөлгө алынган жактардын реестрин түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, реестрге миграциялык документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен же жокко чыгарылган, ошондой эле административдик кылмыш жасап, өлкодөн чыгарыла турган мигранттардын жеке маалыматтары киргизилет. Муну орус өкмөтү өлкөдө мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарын өлкөдөн чыгып кетүүсүн стимулдаштыруу үчүн жасоодо деп жазды.
Орусиянын Ички иштер министрлиги азыркы учурда өлкө аймагында 630 миңдей мигрант мыйзамсыз жүргөндүгүн билдирген. Басылма көзөмөлгө алынган жактардын реестрин орус өкмөтү мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарын өлкөдөн чыгып кетүүсүн стимулдаштыруу үчүн түзүүнү пландоодо деп жазды. Ошондой эле басылма азырынча реестрдин ишин тескеген нормативдик документтер жок экендигин жазган.