Орусиянын аба күчтөрү Киевдеги телемунарага сокку урду

  • 2 года мурун

Орусиянын аба күчтөрү Киев шаарындагы телемунарага сокку урду.   

Бул тууралуу Украинанын ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта телеканалдар кайсы бир убакытка чейин иштебей калары, жакын арада резервдик каналдар ишке киргизилери кабарланды.

Орусиянын Президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты