Орусиялык телеканалдар «Крокустагы» терактка шектелгендердин видеосун көрсөттү

  • 3 недели мурун

Жекшемби күнү кечинде Орусиянын федералдык телеканалдары «Крокус Сити Холлдун» концерттик залында кеминде 144 адамдын өмүрүн алган кол салуу боюнча айыпталгандардын сурактагы видеосун көрсөтүштү.

Видео ФСБдан алынган. Анын үзүндүлөрү прайм-тайм учурунда «Биринчи каналда» жана «Россия-1де» көрсөтүлдү. Видеодо шектелген төрт адам тең кол салуудан кийинки күнү кармалганын көрүүгө болот. Алардын баары терактты Сайфулло аттуу адам координациялаганын, чабуулдан кийин «Киевди көздөй кеткиле» деп айтканын ырасташууда.

Шектүүлөрдүн экөө – Мухаммадсобир Файзов менен Саидакрами Рачалибзода Киевде аларга миллион рублдан сый акы убадаланганын ырастоодо. Файзовдун билдиришинче, «чек арадан өтүп, Киевге жетүүгө жардам бере турган балдар» украин-орус чек арасында күтүп турушу керек болчу. Дагы эки шектүү Фаридуни Шамсиддин менен Далержон Мирзоев башкачараак көрсөтмө берип, Сайфулло аларга унааны чек арага жакын жерде калтырып, кийинки көрсөтмөнү алуу үчүн ага байланышка чыгууну айтканын билдиришти.

«Биринчи каналдын» сюжетинин авторлору «Крокуска» кол салгандарга орус-украин чек арасын кесип өтүү үчүн эки коридор даярдалганын кабарлашты. Бул жөнүндө айыпталуучулар эч нерсе айтышкан жок, маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болгон жок.

Окуяда айыпталуучулардын уюлдук телефондорунан табылган делген украин желегинин сүрөттөрү да көрсөтүлгөн. Буга чейин «Агентство» телефондон табылган делген коллаж интернетке бир жылдан ашык убакыт мурун жарыяланганын аныктаган.

Төрт соттолуучу тең камакка алуу учурунда жана андан кийин дароо зомбулукка жана кыйноого дуушар болушкан. Биринин кулагынын бир бөлүгү кесилген, экинчиси электр тогу менен кыйноого алынган деп болжолдонууда. Федералдык каналдарда көрсөтүлгөн видеолор качан жана кандай шартта тартылганы белгисиз.

Теракттан кийинки биринчи күндөн тартып орус бийлиги террордук чабуулга Украинанын катыштыгы бар деп атаган. Бирок кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» деп таанылган террордук топ өзүнө алган .

«Крокуска» кол салууга катышы бар деген шек менен кармалгандар Борбор Азия өлкөлөрүнөн, биринчи кезекте Тажикстандан барган иммигранттар. Крокуска кол салгандан кийин алар унаа менен Украина менен чектеш Брянск облусуна барып, ал жерде кармалганы кабарланган. Украина «Крокуска» кол салууга тиешеси жок экенин билдирип келет.

Сүрөттө: Саидакрами Рачалибзода сот залында. TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты