Шектүү акчанын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген. Ошто милиция кызматкерлери кармалды
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгы менен бирге, 22-ноябрда козголгон кылмыш иштин алкагында ички иштер бөлүмүнүн М.Ж.А. жана С.А.Ш. аттуу кызматкерлерин 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасынын инспектору М.Ж.А., Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү С.А.Ш. менен бирге жүргүзүлүп жаткан тергөөгө чейинки текшерүү иштери боюнча оң чечим чыгарууга жардам берүү үчүн жарандан 300 миң сом талап кылганы аныкталган.
Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.


Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




