Мамлекеттик салык кызматынын системасында акча опузалоого шектүүлөр кармалды
- 2 месяца мурун
Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын текшерүү башкармалыгынын мурдагы башчысы А.М. жана дагы бир мурдагы башчысы У.С., мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы А.А. менен, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, чарба жүргүзүүчү субъектилерден акча каражаттарын опузалап алгандыгы үчүн кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиржи.
Маалыматта айтылгандай, М.А. жана С.У. ишкерлерден акча каражаттарын алуу жана өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманын негизги уюштуруучулары болушкан.
Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




