Орусиялык белгилүү теле алып баруучу Юрий Николаев көз жумду
- 2 месяца мурун
Советтик жана орусиялык белгилүү теле алып баруучу Юрий Николаев 76 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү ТАСС агенттигине тастыктады.
Mash жана башка теле каналдардын билдирүүсүнө караганда, Юрий Николаев 4-ноябрь күнү эртең менен өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган. Николаев өпкө дартынан жабыркап келген.
Юрий Николаев 1973-жылдан тартып телевидениеде ишин баштаган. Ан кандай берүүлөрдү, анын ичинен ”Таңкы почта” (“Утренняя почта”, “Таңкы жылдыз” (Утренняя звезда”), “Республика байлыгы” («Достояние республики” берүүлөрүнүн алып баруучусу болгон.
Сүрөттө: Юрий Николаев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




