Орусиялык активист Лев Скорякин Кыргызстанда уурдалганы кабарланды

  • 6 месяцев мурун

Орусиядагы «Солчул блок» кыймылынын активисти Лев Скорякинди Бишкекте белгисиз адамдар уурдап кетишти.

Бул тууралуу «Новая газета Европа» басылмасы укук коргоочуларга таянып жазды. Агенттик алардын ысымдарын коопсуздуктан улам жарыялаган эмес.

Маалыматка караганда, 17-октябрга караган түнү Скорякин жашаган жайга эки автоунаа менен он киши келген. Алар өзүлөрүн милициянын өкүлдөрү катары тааныштырып, активистти белгисиз тарапка алып кетишкен. Ушул маалда Скорякин кайда экени белгисиз.

Скорякинге жана анын «Солчул блоктогу» кесиптеши Руслан Абазовго Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган. Буга алардын 2021-жылдын декабрь айында өткөргөн акциясы түрткү болгон. Экөө тең «бейбаштыкка» айыпталууда.

Скорякин менен Абасов Орусиядан 2022-жылдын жайында чыгып кетишкен. Скорякин быйыл июнь айында Бишкекте кармалып, убактылуу тергөө жайына киргизилген. Укук коргоочулардын айтымында, ал сентябрь айында чыгарылган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Скорякин баш паанек сурагандыктан аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан.

Абасов болсо Хорватияга чыгып кетип, ошол жактан баш паанек сураган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты