Орусиядан Казакстанга 41 чет өлкөлүк компания көчүп келди

  • 2 месяца мурун

Орусиядан Казакстанга жалпы баасы 1,5 миллиард долларды түзгөн 41 чет өлкөлүк компания көчүп келди.

Бул тууралуу Казакстандын улуттук экономика министри Бауыржан Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, казак өкмөтү чет өлкөлүк компанияларды көчүрүп келүү боюнча иштерди улантууда. «Тизмеде 30дан ашык өлкөнүн 400гө жакын компаниясы бар. Бүгүнкү күнгө карата 1,5 миллиард долларга бааланган InDriver, TikTok сыяктуу 41 компания боюнча конкреттүү жыйынтыктар бар. Дагы 37 компания боюнча иштер уланууда. Алардын жалпы баасы 1 миллиард долларга жакын» деди ал.

Министр ар бир компания менен индивидуалдуу түрдө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, анткени алардын айрымдары жер тилкесин гана сураса, башкалары башка жеңилдиктерди берүүнү өтүнүп жатышканын кошумчалады.

2023-жылы май айында Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров Орусиядан кетерин жарыялаган компанияларды көчүрүп келүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген. «Казакстан 401 чет өлкөлүк компанияны көчүрүп келүүгө кызыкдар. Алардын баарына чакыруулар жөнөтүлдү. Бүгүнкү күнгө карата 38 өлкөнүн 25 компаниясы Казакстанга келди. Америкалык Honeywell компаниясы Алматыда анча чоң эмес өндүрүш ачса, Alstom француз компаниясы сервистик борборлорун көчүрүп келди. Мындан тышкары TikTok, InDriver жана Fortescue Орусияда жабылган кеңселерин бул жерде ачышты» деген ал.

Орусия Украинага кол салгандан кийин көптөгөн чет өлкөлүк компаниялар Орусиядагы бизнесин токтотуп, бул өлкөнүн базарынан кетерин билдиришкен. «Важные истории» басылмасы согуш башталгандан кийинки бир жылдын ичинде Орусиядан чет өлкөлүк компаниялардын болгону 20 пайызы гана кеткенин эсептеп чыккан.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты