Орусиядагы жол кырсыгында алты киши каза тапты, анын экөө — кыргызстандыктар   

  • 10 месяцев мурун

27-июнга караган түнү Орусияда, Самара облусунда болгон жол кырсыгы тууралуу тышкы иштер министрлиги кененирээк маалымат берди.

27-июнга караган түнү Орусияда Самара-Большая Черниговка жолунда саат 00:605те (Москва убактысы) “Хонда” (минивен) жеңил машинасы менен “Хундай” кагылышкан. Анын натыйжасында 6 киши каза тапкан, алардын экөө – кыргызстандыктар, бири 1992-жылы туулган жана экинчиси 1979-жылы туулган, аял жана эркек киши, ал эми төртөө — өзбекстандыктар.  

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.   

Ал эми жети киши жарадар болду. Жол кырсыгынын себептери иликтенип жатат.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жабыркагандарга жардам берип, каза тапкандардын сөөгүн алып келүүнү уюштурууда.  

Сүрөт:  Vk.com / ДТП Самара.
 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты