Орусияда журналист Алсу Курмашевага жаңы кылмыш иши козголду

  • 8 месяцев мурун

Орусияда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун камактагы журналисти Алсу Курмашевага дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Idel.Реалии» басылмасы мамлекеттик «Татар-информ» агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Курмашевага «Cогушка жол жок. Украинага кол салууга каршы чыккан 40 орусиялыктын окуясы» деген китебине байланыштуу «орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратты» деген кине менен кылмыш иши козголду.

Аталган китепти «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматы 2022-жылдын ноябрь айында чыгарган. Анда Волга-Урал аймагынын Украинадагы согушка башынан каршы чыккан тургундарынын баяндары камтылган. Китеп 2022-жылдын март-август айларында «Idel.Реалии» сайтына чыккан маектердин негизинде даярдалган.

Тергөөнүн версиясына караганда, Курмашеванын китепти жайылтууга тиешеси бар болушу ыктымал.

«Биз орус бийлигинин Алсуга каршы жаңы айыптардын тагышын кескин айыптайбыз. Журналистика кылмыш эмес. Алсуну куугунтуктоо токтошу керек. Алсу ансыз да адилетсиз айыптар менен жакындарынан алыс, камакта 56 күн өткөрдү» деди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жефф Гедмин.

Бул Орусияда Курмашевага козголгон үчүнчү кылмыш иши болуп калды. Октябрда Казан шаарындагы сот «АКШ жарандыгын алганы жөнүндө орус бийлигине эскертпегендиги үчүн» аны 10 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген. Азыр Курмашева «чет элдик агенттердин тизмесине катталган эмес» деген айып менен тергөө абагында камакта отурат.

12-декабрда Татарстандын Жогорку Соту Курмашеванын адвокатынын доо арызын четке кагып, журналистти камакта калтырган.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең алып коюшкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптаган.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылган. Мындай чакырыктарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасаган.

Сүрөттө: Алсу Курмашева. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты