Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандык боюнча тергөө иштери аяктады

  • 6 месяцев мурун

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандык боюнча тергөө иштери аяктап, иш Свердлов облусунун тергөө комитетине берилди. Бул тууралуу 12-ноябрда тышкы иштер министрлиги Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандык тууралуу ЖМКга жарыяланган маалымат боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта Екатеринбург шаарындагы башкы консулдук 3-ноябрга караган түнү жол кырсыгынан кыргызстандык каза болгон жагдай боюнча маркумдун жакын туугандары менен Свердлов облусунун жол кыймылынын коопсуздугу  мамлекеттик инспекциясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы менен жолугушканын билдирди.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тергөө иштери аяктап, иш Орусиянын Свердлов облусунун тергөө комитетине берилгени маалым болду.    

Туугандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп,  7-ноябрда маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилген.   

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, Орусияда каза тапкан кыргызстандыктын аты-жөнү Алтынбек Камбаров, 27 жашта болгон, ал белгисиз жагдайларда жол кырсыгына кабылгандыгы айтылат.

Сүрөттө: Жол кырсыгы болгон жер. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты