Орусияда «Яндекс.Такси» колдонуучулардын маалыматын атайын кызматка берүүгө милдеттендирилди

  • 2 года мурун

Орусияда «Яндекс.Такси», «Яндекс.Go», «Яндекс.Лавка» жана «Яндекс.Еда» сервистери колдонуучуларынын маалыматтарын чогултууга, сактоого жана сураган учурда укук коргоо органдары менен атайын кызматтарга берип турууга милдеттендирилди.

Буга алардын маалымат таратууну уюштуруучулардын реестрине киргизилгени себеп болду. «Яндекстин» басма сөз кызматы мыйзамды аткарууга милдеттүү болушарын билдирди.

Буга чейин маалымат таратууну уюштуруучулардын реестрине «Яндекс.Дзен», «Яндекс.Маркет», «Яндекс.Почта», «Яндекс.Диск», «Яндекс.МойКруг» жана «Яндекс.Недвижимость» сервистери киргизилген.

Мамлекеттик Думанын депутаты Ирина Яровая даярдаган бул мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, «Яровая пакети» деген атка конгон. Ага ылайык, уюлдук операторлор менен Интернет ресурстар Орусиянын атайын кызматынын талабы боюнча колдонуучулар тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттендирилген. Анда мыйзамды аткаруу үчүн 10 триллион рублге жакын каражат керек экени айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты