«Сүйрөп түшүрөм деп күчкө салды». Клара Сооронкулова таксист тууралуу
- 2 недели мурун
Бүгүн, 2-мартта, саясатчы Клара Сооронкулова аны «айланма жерден өтүп кеттиң» деген сөзү үчүн таксист таксиден сүйрөп түшүрөм деп күчкө салганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирип, окуянын видеосун жүктөдү.
Видеодо Клара Сооронкулова таксистке «айда, бол» мен шашып жатам деди. Таксист «сөгүнбөй эле коеюн, орозомун» дегенин, «Чалбай эле кой, мен өзүм келем, башымды оорутпай түш, азыр сүйрөп түшүрөм, милицияны чакырасыңбы, бар…» дегенин угууга болот. Ал эми Сооронкулова «сүйрөйм деп жатасыңбы, сүйрө» деди. Акырында таксист унаадан чыгып, арткы орундукта отурган айымды сүйрөп түшүрөм деп күч колдонгон.
Бул видеону социалдык тармактарга жарыялангандан кийин Клара Сооронкулова видеого мындай деп кошумчалады:
«Клара өзү провокация кылып, хайп кылып чыгарып жатат дегендер аман эле болгула. Мен бул айдоочуга ооз ачканга дагы үлгүргөн жокмун. Отурганда эле сен эмнеге чаласың деп шатыратып сөгүп баштады. Шашып жатканымдан чыгып кетпей, айда десем, сүйрөп түшүрөм деп күчкө салды. Албетте, бул жоругун жазасыз калтырбайм. Арыз жазып, жоопко тарттырам. Ушунчалык адекватттуу эмес адамдарды такси кызматына жолотпош керек. Абайлагыла деген мааниде жүктөп койдум» деди.
Клара Сооронкулова — белгилүү саясатчы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы.