Орусияда «Википедия» бөгөттөлүшү ыктымал

  • 2 месяца мурун

Орусияда «VPN’ди популярдаштырууга тыюу салуу жөнүндө» жаңы мыйзамга ылайык «Википедия» бөгөттөлүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Мамлекеттик думанын маалыматтык саясат, технологиялар жана байланыш комитетинин төрага орун басары Антон Горелкин Телеграм-каналына жазды.

Анын айтымында, Интернет-энциклопедиядагы VPN-сервистер жөнүндөгү макала Роскомнадзорго сайтты бөгөттөөгө мүмкүндүк берет. Ошол эле маалда Горелкин ресурсту бөгөттөөгө башка да себептер бар экенин белгиледи.

«Роскомнадзордун сайтка мындан да башка көп дооматтары бар. Алардын көбү боюнча соттун чечими да чыккан. «Википедияны» бөгөттөө үчүн мыйзамдуу негиздер бар. Эми аны колдонуучуларга ыңгайсыз болбогондой кылып ишке ашыруу гана калды» деп жазды депутат.

Орусияда 1-марттан тарта «бөгөттөөлөрдү айланып өтүү ыкмаларын жарнамалоого же популярлаштырууга» тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, Роскомнадзор VPN орнотуу боюнча нускамалардан тышкары мындай каражаттарды колдонуу чакырыктарын да бөгөттөй алат. «Новая газета Европа» басылмасы белгилегендей, ошол эле маалда Орусияда чектөөлөрдү айланып өтүү ыкмаларын колдонууга түздөн-түз тыюу да, жоопкерчилик да жок.

Украинада согуш башталган эки жылдын ичинде Орусияда миллиондон ашык сайт, анын ичинде «Фейсбук», «Инстаграм», «Твиттер» социалдык түйүндөрү, ошондой эле мамлекеттик эмес ЖМКлардын сайттары бөгөттөлдү.

Бул чектөөнү айланып өтүү үчүн орусиялыктар VPN аркылуу кирип келишет. Аларга суроо-талап Украинада согуш башталгандан кийин кескин өскөн. Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө VPN Орусиядан көп Кытайда гана колдонулат.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты