Орусияда оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурза 25 жылга соттолду

  • 1 год мурун

Москва шаардык соту оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзаны мамлекетке чыккынчылык кылуу, орус армиясы жөнүндө жалган маалымат таратуу жана «ылайыксыз» уюмдар менен кызматташуу айыбы менен 25 жылга каттал режимдеги түрмөгө кести.

Бул тууралуу сот залынан «Интерфакс» агенттиги кабарлады.

Кылмыш ишинин материалдары жашыруун болгондуктан, кенже Кара-Мурзанын соту мартта жабык режимде башталган. Өкүмдү угузуу үчүн сот залына мамлекеттик агенттиктер гана киргизилди.

6-апрелде прокурор Кара-Мурзаны 25 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Саясатчыны АКШнын Магнитский тизмесине кирген судья Сергей Подопригоров соттоду. Владимир Кара-Мурза бул тизмени кабыл алдырууга активдүү катышкан.

1-апрелде Кара-Мурзага акыркы сөз берилген. Анда ал күнөөсүз экенин жана жасаган иштерине сыймыктана турганын айткан.

Владимир Кара-Мурза 2022-жылдын апрель айынан бери абакта отурган. Мартта сот анын камактагы мөөнөтүн дагы жарым жылга узарткан.

Кара-Мурза абакта 17 килограммга арыктаганын билдирген. Өзүн начар сезгендиктен марттын аягындагы сот жыйындарынын бирине катышкан эмес.

Орусиялык көз карандысыз журналисттер жана укук коргоочулар оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзага козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны тез арада бошотууну талап кылышкан. Петицияга 70тен ашык киши: журналисттер, укук коргоочулар, саясатчылар, активисттер, жазуучулар кол койгон.

Владимир Кара-Мурзага былтыр октябрда адам укугун коргоо жаатындагы Вацлав Гавел атындагы сыйлык ыйгарылган. Бул сыйлыкты Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы негиздеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты