Орусияда мусулмандар дин башкармалыгынын көп аял алууга уруксат берүү чечими жокко чыгарылганы айтылды 

  • 2 месяца мурун

Орусияда мусулман экркектерге көп аял алууга уруксат берүү боюнча Дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинин чечими жокко чыгарылды. Мусулмандар дин башкармалыгы ал чечимди артка кайтарып алганын База телеграм-каналы билдирди.   

Мусалмандар Дин башкармалыгынын чечимине Россиянын башкы прокуратурасы кызыккан. “Уламалар кеңеши бул маселени талкууга албайт” деп билдирген Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов.

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын уламар кеңеши кош никеге уруксат бергенин, мында бардык аялдарына акыйкат жана тең укуктуу мамиле жасоо негизги шарт болушу керек экенин ТАСС агенттиги жазды.

“Көп аял алуунун негизги шарты болуп күйөөсүнүн бардык аялдарына акыйкат жана тең укуктуу мамилеси болушу керек: бардык аялдарына бирдей материалдык шарт түзүү, ар бирин өз-өзүнчө турак жай менен камсыздоо, ар бир аялы менен келишимдегидей кезек менен, бирдей убакыт болуу шарты коюлган” деп Дин башкармалыгынын корутундусуна айтылганын ТАСС агенттиги мисал келтирди.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты