Орусияда мусулмандар дин башкармалыгы мусулман эркектерге көп аял алууга уруксат берди
- 2 месяца мурун
Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын уламар кеңеши кош никеге уруксат берди. Мында бардык аялдарына акыйкат жана тең укуктуу мамиле жасоо негизги шарт болушу керек экени белгиледи.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
“Көп аял алуунун негизги шарты болуп күйөөсүнүн бардык аялдарына акыйкат жана тең укуктуу мамилеси болушу керек: бардык аялдарына бирдей материалдык шарт түзүү, ар бирин өз-өзүнчө турак жай менен камсыздоо, ар бир аялы менен келишимдегидей кезек менен, бирдей убакыт болуу шарты коюлган” деп Дин башкармалыгынын корутундусуна айтылганын ТАСС агенттиги мисал келтирди.
Эгер аталган шарттар аткарылбаса, анда бир нече аял менен никеге турууга уруксат берилбейт. Ал эми аялдарынын бири ал шарттардан баш тартса гана, ал шарттарды аткарбоого жол берилет.
Орусиянын Уламалар кеңеши ислам талаптары менен никеге турууга, эгер биринчи аялынын ден соолугуна байланыштуу балалуу боло албаса, улгайып калгандыгына байланыштуу же аялы бала төрөөнү каалабаса уруксат берилерин белгилейт. Ошондой эле жалгыз бой аялдарга жана анын балдарына социалдык жана материалдык жардам берүү максаты болсо, жубайлардын сексуалдык жактан шайкеш келбеши себептери да келтирилет.
Андан тышкары никеде турган киши экинчи аял алгысы келсе, анда экинчи аялына үй-бүлөсү бар экенин жана биринчи аялына нике жаңырта турганын да айтышы керек. Эгер мурда үйлөнгөнүн айтпаса, анда экинчи аялы андан мусулман никеси бузууну талап кыла алары айтылат.
Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын бул чечими андагы мусулмандар арасында экинчи, үчүнчү, төртүнчү аял алгандар арбып кеткенинен улам келип чыккандыгы белгиленет. Ал эми Орусиянын мыйзамы бир учурда бир гана никеге турууга уруксат бергендиктен, диний жагдайда көп никеге турган аялдардын укугу мыйзам жагынан корголбогондугу да эскертилет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан