Орусияда миграциялык борборлор өтө жай иштеп, мигранттардын узун кезеги жаралды

Орусияда «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы теракттан кийин патент алууну каалаган борбор азиялык мигранттардын узун кезеги жаралды. Буга миграциялык борборлордун өтө жай иштеп калганы себеп болууда.

«3-4 күндөн 10 күнгө чейин кезекте туруп документ ала албагандар бар. Алардын артына жаңы адамдар келип, күнү-түнү туруп калууда. Кезек дээрлик жылган жок, күнүнө эң көп дегенде 50-100 гана кишини тейлеп жатышат» деди Ростов шаарындагы миграциялык борбордун алдында кезекте турган өзбекстандык жаран.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген мигрант Москва облусундагы теракттан кийин миграциялык борборлор өтө жай иштеп калганын, мындан улам кезек имараттын сыртына чейин созулуп кеткенин кошумчалады.

Телеграм-каналдар Москвадагы Сахарово борборунда да ушундай эле абал экенин кабарлап, ал жерде тартылган видеолорду жарыялоодо. Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) видеолор эки жума мурда тартылганын, азыр Сахароводо узун кезек жок экенин билдирди. Бирок мигранттар кезек күткөндөр дале көп экенин айтып жатышат.

«Мигранттар узун кезекте турушат. Негизинен Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Мурда миграциялык борборго киргенден кийин көп болсо 1,5-2 саатта ишиңди бүтүрүп кетип калчусуң. Азыр эртең мененки сегизде киргендер түштөн кийин гана чыгып жатышат» деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген кыргызстандык мигрант.

Мигранттар орус полициясы эми узун кезектен улам өз убагында патент ала албай калгандарды кармап, мекенине депортациялашы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Алардын айтымында, полиция кызматкерлери Орусиянын түрдүү шаарларында мигранттарга «аңчылык» башташты.

«Көчөгө чыксаң эле полиция документиң жок экен деп кармап кетүүдө. Азыр жумушсуз экениңди айтсаң да болбой полиция бөлүмүнө жеткирип жатышат. Алар үчүн патентиң жок болсо эле мыйзамсыз жүргөн мигрант болуп каласың. Бир канча убакыт депортациялык борбордо кармагандан кийин өз өлкөлөрүнө жөнөтүп жатышат» деди дагы бир өзбекстандык мигрант.

Өзбек мигранттары бул маселе боюнча Өзбекстандын Орусиядагы элчилигине кайрылып, дипломаттардан патент берүүнү тездетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өтүнүштү.

Орусия ИИМи миграциялык борборлордогу кезектерди мигранттардын санынын сезондук көбөйгөнү менен түшүндүрүүдө.

Укук коргоочу Валентина Чупик мекеменин бул билдирүүсүн четке кагып, узун кезектер мигранттарга басым жасоо үчүн атайылап жаратылып жатканын билдирди.

«Эч кандай мигранттардын агымы жок, бул жалган. Алар болгону мигранттарды тейлей турган терезечелерди жаап коюшкан. Бул мигранттар көп келип жатат деген түр көрсөтүү үчүн жасалууда. Топтолгон мигранттарды видеого тартып, борбордук телеканалдардан аларды кооптуу адамдар катары көрсөтүп, кийин полиция кызматкерлеринин мигранттарды кармап, сабап жатканын актагылары келип жатат» деди Чупик.

Ал «Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин Орусияда мигранттарга басым күчөгөнүн билдирип, акыркы 10 күндүн ичинде эле ага 10 миңден ашык мигрант кайрылганын кошумчалады.

Сүрөт: Видеотасмадан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты