Кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң» бекетинде да кезек пайда болду
- 1 год мурун
- Видео
Кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң» өткөрмө бекетинде да жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда болуп, 146 автоунаа Казакстанга кире албай турса, 24-августтагы маалымат боюнча, 89 унаа турат. Бул тууралуу 23-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Ал эми Чек ара кызматынын 24-августтагы маалыматы боюнча “Кең-Булуң” авто жол көзөмөл-өткөрүү жайында 89 унаа турат. Чек ара кызматы
Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир «Ак-Тилек» бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 24-августта 379га жетти. 24-августтагы маалымат боюнча, “Чалдыбар” көзөмөл-өткөрүү жайында 73, “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү жайынжа да 73 транспорт турат.
Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа кирген.
Кыргызстандын өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.
Чүй облусундагы «Ак-Тилек» бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерде айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.
«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.