“Беш сааттап кезекте турабыз”. Кыргызстанда автогаз таңсыктыгы катталууда (Видео) 

Бишкектин айрым жерлеринде бир нече күндөн бери 4-5 сааттап турган унаалардын узун кезегин көрүп жатасызбы? Ооба, бул жол тыгыны же мыйзамсыз унаа токтотуу жайы эмес. Борбор калаада акыркы бир жума ичи автоунаа газынын таңсыктыгы катталып, унаа ээлери ал үчүн кезекке турууга мажбур болушууда. 

Бул кырдаал коомчулукта нааразычылык жаратып, адамдар социалдык тармактарда видео жана пикирлерди бөлүшүүдө. 

“Беш сааттап кезекте турабыз”. Кыргызстанда автогаз таңсыктыгы катталууда (Видео) 
“Беш сааттап кезекте турабыз”. Кыргызстанда автогаз таңсыктыгы катталууда (Видео) 

Медиарейддин бул чыгарылышында кырдаалды жеринен көрүп, газ таңсыкьыгынын себебин аныктоого аракет кылдык.

“Беш сааттап кезекте турабыз”. Кыргызстанда автогаз таңсыктыгы катталууда (Видео) 

Бул Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан май куюучу жай. Бул жерге газ куюп кетүү үчүн эртең менен 50-60ка жакын унаа кезекке турса,  кечинде шаардын бардык бурчунан унаалар келип, кезектин узундугу чакырымга чейин жетүүдө. Айдоочулардын айтымында, мындай абал убакытты алып гана тим болбой, бир топ жумуштан калтырууда. Айрымдар үчүн унаа бул киреше булагы болгондуктан алар мындай кезекке күндө турууга мажбур.

“Эмне себептен газ мындай аз болуп жаткандыгын айтышкан жок. Бирок мен бул кезекте 3 сааттан бери турам. Кечээ күнү да ушундай болгон. Газга келген унаалардын кезеги бул тарабы Ахунбаев көчөсүнө, бул тарабы Тыналиев көчөсүнө чейин узарган.  3 сааттай туруп, 500 сомго куюп кеткенмин, ал да жетпей калды. Бүгүн да саат түшкү 15:00 чейин эле берилет дейт. Ага чейин бизге кезек жетеби-жетпейби, белгисиз.  Көчөнүн баары жол тыгыны болу, жумушубуздан да калып жатабыз. Баасына келсек, мурун 36,90 сом болсо, азыр 37,90 сомду көрсөтүп жатат. Туура 1 сомго кымбаттады. Жайында да ушундай болгон. Андан кийин 3-4 ай бою таңсыктыкты билген эмеспиз. Эми бат-баттан болуп жатат”,- дейт айдоочулардын бири.

Дагы бир унаа ээси: “Менин турганыма 4 күн болду. Түнкүсүн саат 1-2ге чейин кезекке турабыз. Күндүз эртең менен эрте келебиз. Мен бүгүн эртең менен саат 9да келгем. Азыр түшкү бирден өтүп калды. Мага кезек эми жетти. Газ куюп алып жумушка баргыча саат эки болот. А экиде кайдагы жумуш, өзү алтыда бүтүп жатса? Бул маселени мамлекет карашы керек болчу. Ушунча эл газ менен айдап жүрөт. Газ болсо саналуу эле май куюучу жайларда бар”,- деп өз нааразычылыгын билдирди.

Дагы бир респондент мындан эки күн мурун газга кезекке 5 саат турганын айтты. Такси кызматында иштегени үчүн кайсы жерде, кандай баада экенине карабай сатып алууга мажбур. “Менин жеке оюмда бул жөн эле газдын баасын көтөрүүгө болгон аракет деп ойлойм. Мейли, баасын көтөрүшсүн, 40 сом болсо деле мейли. Бирок убакыт коротпой куюп кетип, жумуштарыбыз менен алектене берсек жакшы болмок”,- дейт айдоочу.

Мындай күтүүлөр конфликттерге да алып келген учурлар болгон. Мисалы 24-ноябрь күнү кечинде аэропорт тараптан бул жакка келген  айдоочулар менен жаш балдардын ортосунда ызы-чуу катталган.

Бул тууралуу айдоочулардын бири буларды айтып берди:

“Чыр кечээ болду деп айтып жатышат. Себеп “Манас” аэропортундагылар бул жакта газ бар деп угуп келишкен. Анан бул жерде турган айдоочулар газ баарына жеткиликтүү болушу үчүн  белгилүү бир суммага,1000 сомго  гана газ берилишин суранышкан. А аларга (аэропорттон келгендерге) шаардын тигил бетинен бери келишкени үчүн толук бак керек болгон. Бул чоң нааразычылыктарды жаратып, акыры маселени күч менен чечүүгө чейин барышкан.. Бул туура эмес да. Эл тынчсызданып, кыжырданып жатат”,-дейт ал.

Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары таңсыктык жана баанын өсүүсү боюнча ар кандай пикирлерин жазышкан.

“Беш сааттап кезекте турабыз”. Кыргызстанда автогаз таңсыктыгы катталууда (Видео) 
“Беш сааттап кезекте турабыз”. Кыргызстанда автогаз таңсыктыгы катталууда (Видео) 
“Беш сааттап кезекте турабыз”. Кыргызстанда автогаз таңсыктыгы катталууда (Видео) 

Биз мындай тартыштыктын себептери боюнча суроолорго жооп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатовго кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык:

Эң эле көйгөйлүү себеби бул Орусияда темир жолдо вагон цистерналарынын жетишсиздиги болуп жатат. Вагон цистернасы  азыраак болуп аткандыктан биз каалаган көлөмдө автогаз келбей, андан азыраак келип атат. 

Бүгүн бир состав келип атат, кирди десек болот. Темир жол менен дагы бир нече состав келе жатат. Анан Казакстан темир жолу да бизге тезирээк өткөргөнгө жардам көрсөтүүдө. Эки-үч күн ичинде бул маселе чечилип калат, буюрса”,-дейт ал.

Канат мырзанын  айтымында, мындай чоң таңсыктык Бишкек шаарында гана болууда. Муну шаарда газ менен жүрүүчү унаалардын көбөйүп, талап өсүп жаткандыгы менен да байланыштырат. Ал эми баалар боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди:

“Бизге келип аткан ар бир партиянын баасы ал жактагы дүң баалардын өсүшүнө жараша болуп атат. Анан дагы тартыштык болгонуна жараша  компаниялар (бааны) көтөрбөйт деп макулдук алганбыз. Жогорулашы (баалардын) бир гана ушул Россия территориясындагы нефтти кайра иштетүүчү заводдордун бизге берген бааларынын  өсүшү себеп болушу мүмкүн. Бизде убакыт-сааты менен келишимдер түзүлгөн, акчалары төлөнгөн. Россиядагы заводдордун бизге жүктөп жөнөткөнүнө гана көз каранды болуп жатабыз”.

Белгилей кетсек, газ тартыштыгы боюнча көйгөй жай айларында да катталып,

2023-жылдын башында автоунаа газынын баасы 28,8 сом болсо, 2024-жылдын башында 31,5 сомго чыккан. Учурдагы 25-ноябрга карата  көрсөткүч 37,9 сомду түзөт.

Баш сүрөт: Видеодон алынды.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты