Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу “Сахарово” жайында кыргызстандык 93 жаран кармалып турат
- 2 месяца мурун
5-декабрда Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин ал жактагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен бирге Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу «Сахарово» жайына барфп, аталган мекеменин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө, аталган борборго жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын өз мекенине өз убагында чыгып кетүү жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.
Кызматкерлер аталган мекемеде Кыргыз Республикасына чыгарууну күтүп жаткан КР жарандары менен жолугушуп, юридикалык кеңештер берилген. Ошол эле учурда жарандардан кармоо шарттары жана укуктарынын бузулушу боюнча даттануулар түшкөн эмес.
Иш сапар учурунда Москва шаардык башкы башкармалыгынын чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайында (Сахарово), жалпысынан Кыргыз Республикасынын 93 жараны болгон, анын ичинен — 6 аял.
Сүрөт: Интернет булактарынан