Орусияда мечитте мигранттар кармалып жатканы айтылды (Видео)

20-октябрда Москванын жанындагы Котельники шаарында коопсуздук күчтөрү мечитте жума намазга катышып жаткан эркектерди аскер комиссариатына алып кетишкен.

Бул тууралуу Биринчи каналдагы “Перепой звезду” көрсөтүүсүнүн финалисти Мамут Усеинов социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Жергиликтүү мусулман коомчулугунун башчысы Салават Ибатулин бийлик өкүлдөрү «дагы бир жолу адабияттарды жана өрт коопсуздугунун нормаларын текшеришти» деди. Анын айтымында, жума намаздан кийин адамдарды автобус менен аскер комиссариатына алып барып, бир нече саат кармашкан: акыркы адам ал жерден 21:30да чыккан.

Мамут Усеинов аскер комиссариатында медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин Балашиха шаарындагы аскерлерди кабыл алуу пунктуна жеткирилгенин айтты. Анын билдиришинче, ал жердегилер «баары бир жылга келишим түзүшү керектигин, болбосо түрмөгө камалышарын кыйытышкан.

21-октябрда “МОБИЛИЗАЦИЯ I Новости” телеграм каналы да Котельникидеги мечитке келгендер кармалганын жазды. Билдирүүдө кармалгандардын документтери алынып, медициналык кароо уюштурулганы, адвокаттарга ал кишилер менен жолугушууга тыюу салынганы, алар Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө аргасыз болуп жатканы айтылган.

Бул борбор Котельникиде мусулмандар үчүн жума намаз окула турган жалгыз жай экени айтылууда.

Кремль мигранттарды согушка жөнөтүп жатканы бир жыл мурун белгилүү болгон. 2022-жылы октябрда укук коргоочу Валентина Чупик Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттарды согушка баруу үчүн келишимге кол койдуруп жатканын кабарлаган. Быйыл августта Орусиянын бир катар аймактарында укук коргоо органдары жакында эле жарандык алып, бирок аскердик каттоого турбаган эркек мигранттарды издеп, рейд өткөрүшкөн.

Октябрда Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алып, бирок Украинадагы согушка катышууну каалабаган мигранттарды жарандыктан чыгарууну сунуштаган.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты