Орусияда Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган тажик жараны бошотулду

  • 2 года мурун

Кыргызстандын өтүнүчү менен Орусиянын Новосибирск шаарында кармалган тажик жараны Диловар Жураев бошотулду. Бул тууралуу Тажикстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

«Озоди» радиосунун кабарчысы менен маектешкен Жураев тергөө абагынан чыкканын ырастап, азыр үйүндө жакындары менен отурганын билдирген.

«Ооба, мени белгилүү бир аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотушту. Демек, иш бүтө элек… Мындан тышкары мен орус жарандыгынан да ажыратылгам. Эми мени экстрадициялоо тууралуу чечим жокко чыгарылгандан кийин гана Орусиянын жарандыгын алууга арыз бере алам», — деди ал.

Кыргызстандын бийлиги Жураевди «бейбаштыкка» жана «улут аралык кастыкты козутууга» айыптоодо. Ал 8-сентябрда Бишкектин өтүнүчү менен кармалгандан бери Новосибирск шаарындагы №1 тергөө абагында камакта отурган.

13-ноябрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы Орусиянын Башкы прокуратурасына кат жолдоп, Жураевге карата тагылган айыптоолордо саясий боёк бар экенин белгилеп, «Бишкектин өтүнүчүн кароосуз калтырып, аны камактан чыгарууну» өтүнгөн.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Кыргыз-тажик чек арасы 970 километрге созулуп, анын 519 чакырымы гана аныкталып, такталган. Талаштуу тилкелердин көбү Баткен менен Согд облустарынын аймагында орун алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты