Орусияда кыргызстандык мигранттар айдоочулук күбөлүгүн консулдуктарда алмаштыра алат

  • 2 года мурун

Орусияда жашап, эмгектенген кыргызстандыктар 17-январдан баштап айдоочулук күбөлүгүн Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштыра алышат.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн мекенине келиши керек болчу.

Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарга айдоочулук күбөлүк берүү тартиби шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала каттоого туруу аркылуу жүргүзүлө турганын маалымдады.

Кабыл алууга жазылуу үчүн [email protected] электрондук дарегине катталуу керек.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Орусияда жарактуу. Мигранттардын арасында такси кызматында иштегендер арбын.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты