Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташып, 380 киши кармалганы айтылды

  • 11 месяцев мурун

Санкт-Петербург шаарындагы «Лахта-борбор» курулуш аянтчасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, жыйынтыгында 380 киши полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ВЧК-ОГПУ телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, мушташ 3-июнь күнү кечинде «Лахта-борбордун» ашканасында башталып, кийин көчөдө уланган.

Тажикстандык мигранттар «Озоди» радиосуна жөнөткөн видеого ылайык, мушташ маалында тараптар арматуранын бөлүктөрүн, таштарды жана курулуш шаймандарын да колдонушкан.

«Жыйынтыгында бир кыргызстандык ооруканага жеткирилди. 380 киши кармалып, мушташтын төрт ыктымал уюштуруучусу аныкталды»деп жазды ВЧК-ОГПУ.

Полициядан алардын төртөө тең Кыргызстандын жарандары экенин, баары камакка алынганын кабарлашты. Кармалган башка мигранттардын тагдыры боюнча маалымат жок.

«Газпромнефть Чыгыш-Европалык долбоорлор» компаниясына таандык «Лахта-борбор» курулуш аянтчасында миңдеген мигрант, анын ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары иштейт.

19-майда бул аянтчада мигранттардын тобу кармалган. «Озоди» радиосу жарыялаган видеотасмада мигранттарды автобуска салып жаткан полиция кызматкерлери алардын бирин жерге кулатып, колун кайрып жатканы тартылган. Топтолгон мигранттар анын бардык документтери жайында экенин жана полициянын бул аракети мыйзамга каршы келерин айтып, нааразылык билдиргенде гана аны тургузуп, автобуска салып кетишкен.

Cүрөттө: «Лахта-борбор» курулуш аянтчасындагы мигранттардын мушташы. Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты