Орусияда генерал Кирилловду өлтүрүүгө шектүү кармалды

  • 2 года мурун

Орусияда генерал Игорь Кирилловду өлтүрүүгө шектүү катары Өзбекстандын жараны кармалганы кабарланды.

Орусиянын тергөө комитети билдиргендей, Москвадагы 17-декабрдагы терактыда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо кызматынын башчысы Игорь Кириллов каза тапкан.

Тергөө комитетинин  жана ФСБнын маалыматына караганда, шектүү катары кармалган киши Өзбекстандын жараны. Анын аты-жөнү ачык айтылган жок. Сурак учурунда шектүү жаран аны Украинанын атайын кызматы жалдагандыгы айтылат. Шектүү Москвага келип, жардыруучу зат сатып алгандыгы белгиленет, бирок кимден алгандыгы ачыкталган жок. Андан кийин жарылуучу затты Игорь Кириллов жашаган Рязань проспектисинде токтотулуп турган электрсамокатка таккандыгы жана генерал эшикке чыккандан кийин кнопканы басканы белгиленген.

Ал эми ушундай кадамга баргандыгынын себебин 100 миң доллар жана Европага виза жасоого убада беришкенин айткан.

Сүрөт: Генерал Кириллов каза тапкан жарылуудан кийинки абал. Михаил Метцель / ТАСС

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты