Орусияда депортациялана турган мигранттарды атайын жайда кармоо мөөнөтү белгиленди

  • 4 месяца мурун

Мамлекеттик Дума өлкөдөн чыгарыла турган чет элдиктерди жана жарандыгы жок адамдарды атайын мекемелерде кармоонун максималдуу мөөнөтүн белгилеген мыйзам кабыл алды.

Мөөнөт депортациялоо жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып 90 күндөн ашпайт.

Эгерде адамды өлкөдөн чыгарууга мүмкүн болбосо, атайын мекемеде кармоо мөөнөтү сот аткаруучунун же ички иштер органынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызы боюнча судья тарабынан 90 суткадан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Арыз беш күндүн ичинде каралууга тийиш. Чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар атайын мекемеде кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко кайрыла алышат.

Эгерде сот депортациялоону ашыкча чектөө деп эсептесе, анда адамга 40 миңден 50 миң рублга чейин айып пул салынат же 200 саатка чейин мажбурлап иштөөгө тартылышы мүмкүн. Бул эч бир мамлекет жарандыгы жок адамды кабыл алууга даяр болбогон жагдайларга да тиешелүү болот.

Ошондой эле, эгерде адам убактылуу күбөлүк же качкын макамын алса, депортациялоо жөнүндө токтом кайра каралышы мүмкүн.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты