Тилемчилик кылгандарга жаза күчөтүлөт. Мыйзамга кол коюлду   

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 2-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Мыйзамдын максаты тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке терс таасирин жоюу, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аялуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо болуп саналат.

Тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү боюнча мындай өзгөртүүлөр киргизилди:

-Тилемчиликти  жана тилемчиликке тартууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоочу ченемдерди киргизүү;

-тилемчиликти, тилемчиликке тартууну жасагандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүүнү аныктоочу ченемди киргизүү;

-укук бузуулар жөнүндө иштерди сот тарабынан кароону жана жаза чарасын көрүүнү аныктоо;

-укук бузуулар жөнүндө иштерди ички иштер органдары тарабынан кароону жана жаза чарасын көрүүнү аныктоо;

-тилемчилик, тилемчиликке тартууну жасаган адамды кармоону ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырууну бекитүү;

-тилемчилик, тилемчиликке тартууну жасаган чет өлкөлүк жаран жоопкерчиликке тартылат деген ченемди аныктоо чаралары каралды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты