Орусияда чет өлкөлүктөр үчүн укуктук абалды жөнгө салуу мөөнөтү узартылды

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 28-апрелинде Россиянын президентинин жарлыгы менен 2024-жылдын 30-декабрындагы“Россия Федерациясында айрым категориядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы чыккандыгын эске салды. 

бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Россия Федерациясында жүрүү эрежелерин бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн, ал өлкөдө өзүнүн укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узартылды, эми 2025-жылдын 1-январынан 10-сентябрына чейинки мезгилде укуктук абалын жөнгө сала алат. Буга чейин бул мөөнөт 2025-жылдын 30-апрелине чейин болчу.

Жарлыкка ылайык, көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары Россия аймагынан чыгып кетпей туруп, өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз менен кайрылып, иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн тапшыруу зарыл.

Кошумча түрдө, жарандар төмөнкү шарттарга жооп берүүгө тийиш:

∙-Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартылуудан өтүү;
медициналык кароодон өтүү;
-Россия Федерациясынын мыйзамдары менен белгиленген милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздары болбошу керек.

Убактылуу жашоо мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган учурда, Кыргыз Республикасынын жаранын административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат жана айып пул салуу менен чектелип, административдик чыгаруу чарасы колдонулбайт.

Тышкы иштер министрлик жарандарга миграциялык каттоого байланыштуу мыйзам талаптарын сактоону жана Россияда жагымсыз укуктук кесепеттерди болтурбоо үчүн алардын укуктук статусун жөнгө салуу боюнча зарыл чараларды тез арада көрүүнү сунуштайт.

Орусияда күчүнө кире турган миграциялык мыйзамдар тууралуу бул шилтемеден окуңуз.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты