Орусияда чет элдиктерди «лоялдуулук келишимине» кол койдуруу мыйзам долбоору сунушталууда

  • 5 месяцев мурун

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөнүн аймагына кирип жаткан чет элдиктерди “лоялдуулук жөнүндө макулдашууга” кол коюуга милдеттендирүүнү сунуш кылды.

Мыйзам долбоору толукталып, Мамлекеттик думага киргизилерин ТАСС агенттиги кабарлады.

Документтке ылайык, Орусияга кирген чет элдик жаранга орус саясатына “шек келтирүүгө», фашизмди жеңүүдөгү совет элинин эмгегин “бурмалоого” жана “каада-салт баалуулуктарын” четке кагууга тыюу салынат. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарга бүдөмүк пикир жараткан маалыматты таратууга жана ЛГБТ мамилесин “пропагандалоого” бөгөт коюлат.

Чет элдик жаранга орус мыйзамдарын кабыл алуу жана алмаштыруу үчүн шыкак болууга, табиятка жана маданий баалуулуктарга орой мамиле жасоого, элдик салт-санаага шек келтирүүгө, “Орусияга зыян келтирчү” аракеттерди жасоого да болбойт.

Мурдараак Орусияда миграция саясатынын жаңы концепциясы сунушталган. Жаңы вариантта ар бир ишканада эмгектенгендердин беш пайызын гана мигранттар түзүшү керек. Андан тышкары чет жактан келгендерге мугалим, дарыгер, такси айдоочусу болуп иштегенге тыюу салынат.

Концепцияны иштеп чыккан “Справедливая Россия” партиясы мектептердеги мигранттардын балдарынын санын чектөөнү демилгелесе, КПРФ партиясы аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан чыгаруу сунушун көтөргөн.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты