Орусияда чет элдик жарандардан талап кылынган медициналык кароонун жоболору өзгөртүлдү

  • 2 года мурун

Орусияда чет элдик жарандарга берилүүчү медициналык сертификаттын жарактуу мөөнөтү бир жылга узартылды. Бул тууралууу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

Ага ылайык, эми Орусиядагы мигранттар жылына бир жолу медициналык кароодон өтөт.

ТИМ тараткан маалыматка караганда, баңгизат жана психотроптук заттарга карата химиялык-токсикологиялык изилдөдөн 13 жаштан жогоркулар өтөт. Коронавирус инфекциясы медициналык текшерүүнүн алкагындагы жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды.

Мурда мындай медициналык кароодон үч айда бирден жана алты жаштан баштап текшерүүдөн өтүшү керек болчу.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөртүлгөн жобосу 1-марттан тартып күчүнө кирет.

Орусияда 2021-жылдын 29-декабрынан баштап өлкөгө иштегени кирген чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү федералдык эки мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, чет өлкөлүк эмгек мигранттары манжа изин (дактилоскопиялык каттоо) каттатууга, сүрөткө түшүүгө, психотроптук каражатка, маңзатка көз каранды эместигин, жугуштуу оорусу жоктугун медициналык жактан күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты