Орусияда 2023-жылы мигранттардын эмгек патенти кымбаттайт

  • 1 год мурун

2023-жылы Орусиянын көпчүлүк аймактарында эмгек мигранттары үчүн патенттин баасы жогорулайт.

Ноябрь-декабрь айларында Орусиядагы аймактардын көбүнүн мыйзам чыгаруу органдары жергиликтүү салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, аймактык коэффициенттерди жогорулатты. Бул коэффициенттер мигранттар ала турган эмгек патенттеринин баасын эсептөөдө колдонулат.

Орусияда жашаган тажикстандык юрист Мухаммаджон Собировдун айтымында, Москва шаарында мигранттар үчүн патент 5900 рублден 6600 рублге чейин кымбаттайт. Санкт-Петербургда 4200дөн 4400 рублге, Самарада 4419 рублден 5720 рублге чейин жогорулайт.

«Патенти бар мигранттар киреше салыгын эки жолудан төлөбөшү керек. Алар патенттин мөөнөтүн узартуу үчүн акча төлөшөт. Андан соң анын айлыгынан киреше салыгын да кармап калышат. Чет өлкөлүк жаран патенттин мөөнөтүн узартуу менен киреше салыгын аванс менен төлөп, айлык алгандан кийин жумуш берүүчү да кармап калууда»деди юрист.

Эмгек патенти Орусияга визасыз кире алган өлкөлөрдүн жарандарынан талап кылынат. Мындай патенттер аларга бул өлкөдө мыйзамдуу иштеп жүрүшү үчүн керек.

Сүрөт: «Сахарово» миграциялык борборундагы кезек. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты