Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайыз жогорулайт. Бул бардык мугалимдерге тиешелүү болот

  • 5 месяцев мурун

Агартуу министрлиги 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулай турганын маалымдады.

Өлкө башчынын чечими мугалимдердин статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө педагогдордун негизги ролун таанууга багытталган маанилүү мамлекеттик чара болуп саналат.

Эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан, бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот.

Учурда STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акылары гана жогорулап, калган тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт жана бул предметтердин сааттары кыскарууда деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Агартуу министрлиги мектептеги ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоо аркылуу мамлекеттик стратегиялык миссияны аткарат деген негизги принципти карманат.

Бүгүн, 12-мартта, депутат Дастан Бекешев мугалимдердин айлык акысын тактап берүүнү өтүндү.

Сүрөт: edu.gov.kg   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты