Орусия Украинанын батышындагы энергетикалык объектилерге сокку урду

  • 2 года мурун

Орусия армиясы 11-октябрда Украинанын Львов облусундагы бир нече энергетикалык объектиге сокку уруп, аймакты электр энергиясы менен камсыз кылууда көйгөйлөр жаралды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, учурда генераторлор колдонулуп жатат. Азырынча облустун энергосистемасы качан толук кубаттуулукта иштей баштары белгисиз.
Айрым маалыматтар боюнча орус армиясы бул күнү Ивано-Франковский, Винница жана Ровенска облустарына да соккуларды жасады.
Винница облусундагы Ладыжинск жылуулук электр борбору бир күндүн ичинде эки жолу чабуулга кабылып, алты киши жараат алды. Ишканадан билдиришкендей, экинчи сокку станцияда куткаруучулар иштеп жатканда жасалган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 11-октябрда өлкөдө Орусиянын 18 канаттуу ракетасы атып түшүрүлдү.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик багыттагы объектилери менен энергетика системасына сокку урулганын билдирди. Мекеме өкүлүнүн айтымында, соккулар өз максатына жетти.

Сүрөттө: Львов облусундагы жарылуу. 10-октябрь 2022-жыл. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты