Орусия Украинанын 12 облусун ракетадан аткылады

  • 1 год мурун

Шейшембиде орус аскерлери Украинанын кеминде 12 облусун ракетадан аткылады. Маанилүү инфраструктура бутага алынып, электр энергиясы жапырт өчүрүлүп жатканы кабарланды.

Украинанын абадан коргонуу системасы Киевге багытталган төрт ракетаны атып түшүрдү. Аткылоодон баш калаада эки турак жай жабыркаганын шаар мэри Виталий Кличко билдирди. Бир кишинин каза тапканы маалымалды. Киевдин тургундарынын жарымы электр жарыгысыз калды.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовый жарылуунун добушу чыкканын, үйлөрдүн жарымы электр энергиясыз калганын айтты.

Кабарларга караганда, Харьков, Волынь, Днепропетровск, Житомир, Одесса жана башка облустар аткыланды.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты