Орусия Украинадагы Херсон шаарын өз көзөмөлүнө алганын билдирди

  • 2 года мурун

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Херсон шаары орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнүн билдирди.

Бул Орусия Украинага бастырып кирген 24-февралдан бери Москва өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган эң ири шаар (калкынын саны 300 миң киши) болуп калды.

Украин тарап шаарды алдырганын ырастаган жок, калаа башчысы «Фейсбуктагы» баракчасына «биз дагы деле Украинабыз» деп жазды.

Херсон облусундагы согуштук аракеттер 24-февралда башталып, орус аскерлери эртеси эле шаарды өлкөнүн сол жээктеги бөлүгү менен байланыштырып турган стратегиялык маанидеги Антонов көпүрөсүн ээлеп алышкан.
1-мартта шаардын мэри Игорь Колыхаев облустун административдик борбору курчоодо экенин, бирок украин бийлигинин көзөмөлүндө турганын билдирген.

1-март күнү кечинде Колыхаев «Свобода» радиосунун украин кызматына берген маегинде шаардагы талкаланган имараттар жана каза болгон аскерлер менен жайкын тургундар жөнүндө маалымат берген. «Шаар үчүн болгон аракетибизди көрүп жатабыз», — деген ал. 2-март күнү эртең менен Колыхаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу шаарда ок атылышы мүмкүн экенин эскертип, жашоочуларды көчөгө чыкпоого чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты